Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда студент кыздын өлүмү боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

Чымкенттик студент, 21 жаштагы Нурай Серикбайдын өлүмүнө байланыштуу дагы бир кылмыш иши "Никеге мажбурлоо" беренеси менен козголду. Маалыматты жабырлануучу тараптын адвокаты Аянхан Омаров билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Чымкент шаарына Казакстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын комиссиясы жөнөтүлдү. Тажрыйбалуу полициячылардан ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Адвокат тергөө ар тараптуу, калыс жана бат жүргүзүлөт деп үмүттөнүүдө.

Ошол эле учурда полиция кыздын өлүмү боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен козголгон ишти иликтөөнү улантууда. Мурдараак адвокат ишти "Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" беренесине өткөрүүнү жана куугунтуктоо фактысы боюнча өзүнчө кылмыш ишин козгоону талап кылганын билдирген. Мындан тышкары кыздын өлүмү боюнча полиция кызматкерлерине карата "шалаакылык" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

21 жаштагы студент кыз Нурай Серикбай 11-январда Чымкент шаарында бир нече жеринен бычакталып каза болгон. Эки күндөн кийин полиция кызматкерлери калаага жакын жерде кылмышка шектелген 28 жаштагы кишини кармаган. Соттун чечимине ылайык ал камакка алынды жана адам өлтүрүү беренеси менен иш козголду.

"Курсив" басылмасы маркумдун жакындарына шилтеме менен жазгандай, шектүү былтыр октябрда Нурайды ала качып кеткен. Кыз өзү жана үй-бүлөсү никеге макулдугун берген эмес. Туугандары аны кайра үйүнө алып кетишкен. Алар полицияга кайрылган, бирок ала качкан киши Нурайга мындан ары жакындабай турганын айткандан кийин кыз аны кечирген.

Бирок шектелген адам кыздын артынан түшкөндө үй-бүлөсү полицияга жана прокуратурага арыз жазган. Маркумдун жакындары тартип коргоочулар чара көрбөгөнүн айтышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-январдагы курултайда полициянын аракеттерине укуктук баа берүүнү тапшырган жана ал иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганын билдирген.

2025-жылы Казакстанда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, никеге туруу максатында ала качуу, никеге мажбурлоо кылмышка теңештирилген. Андай кылмышка баргандар 2 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus