Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош шаарында күйөөсү сабады делген аял ооруканага жеткирилди

24-январь күнү саат 5:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) "Ак-Буура" бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынан 27 жаштагы келинди күйөөсү сабап, ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция аялдын 32 жаштагы күйөөсү мас абалында кармалып, бөлүмгө жеткирилгенин билдирди. Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.
ШИИБдин басма сөз кызматы "алгачкы тергөөдө жабырлануучу аял күйөөсүнөн качып баратып жыгылып, денеси жабыркаганы" аныкталганын маалымдады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону жөнүндө маалымат берилген жок.

Милиция учурда ооруканада жаткан аялдын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалашканын кошумчалап, тергөө ишинин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

ШИИБдин басма сөз кызматы соцтармактарда "аял бычакталган" деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин белгилөөдө.

Социалдык тармактарда жана айрым интернет булактарында Ош шаарынын Салиева көчөсүндө түнкү саат 4:00 чамасында мас абалдагы адам аялды бычактаганы тууралуу маалымат тараган. Окуянын күбөлөрү алар аялы менен күйөөсү, ортодо эки баласы бар экенин айтышканы жазылган.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Быйылкы жыл жаңырары менен Жалал-Абад облусунда эки аялдын шектүү жагдайдагы өлүмү катталды. Коомчулукта бул эки окуя үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан экени айтылып, милиция териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus