Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Муфтият 150дөй "инкарчы" ишениминен баш тартканын билдирди

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы 150 адам - “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү ишениминен баш тартышканын билдирди. Алардын ичинде аталган агымдын лидери да бар экени айтылып, бирок тек-жайы ачыкталган жок.

Агымдын мурдагы активдүү өкүлүнүн төмөндөгү сөзүн муфтият цитата келтирген:

"Биз муфтияттан корккондуктан эмес, үммөттүн биримдиги, Кыргызстан мусулмандарынын тынчтыгы үчүн «инкар» жолунан баш тарттык. Мындан ары жаран катары мамлекетибиздин мыйзамдарына жана мусулман катары муфтияттын фатваларына баш иебиз. Азирети Муфтийдин ынтымакка жана биримдикке багытталган аракеттерин колдойбуз" – деген ал.

Муфтияттын маалыматында ошондой эле "Йакын Инкардын" мурдагы мүчөлөрү өз ишениминин жаңылыштыгын айтып, өкүнгөндүгүн жана Аалымдар кеңешинин фатваларына, муфтияттын талаптарына жана өлкө мыйзамдарына баш иерин билдиришкен.

"Йакын Инкар" диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Андан тышкары Кыргызстанда соттун чечими менен “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид вал-жихад” диний бирикмелери террорчул жана экстремисттик уюм катары ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus