Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат “Газпромдун” жабдуулары эки ай иштебей калгандыктан төлөм көп чыгып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын абоненттерге коюлган “акылдуу” эсептегичтердин көрсөткүчтөрдү аралыктан жеткирген жабдуусу – телеметриясы эки ай иштебей калганын, ал иштеген соң төлөм каражаттары адаттан көп чыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 22-январда парламенттин жыйынында айтты.

“Бизге жашоочулардан кайрылуулар келип жатат. “Газпром” компаниясы октябрь-ноябрдыкын декабрга кошуп, абоненттерге үч айдын эсеп-дүмүрчөгүн жиберүүдө. Компания өзү расмий түрдө “телеметрия бузулгандыктан көп абоненттер иштеткен реалдуу көлөм түшпөй калган” дептир. Анан эле үчүнчү айда ал жабдуусу кайра иштеп калыптыр. Энергетика министрлигин, “Газпром Кыргызстан” компаниясын чакырып, ушул боюнча түшүндүрмө алсак. Эгер иштебей калса, алар кайсы нерселерди кошуп жатат? Протоколдук тапшырма берип, сураштыралы. Анткени бүгүн эл арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, пенсионерлер бар, көп балалуулар бар. Төлөм көп келгендиктен алар кыйналып калышууда”, – деди Улукбек Карыбек уулу.

Мурдараак декабрь айындагы көгүлтүр отундун эсеп-дүмүрчөктөрүндө сумма адаттан тыш көп келгени кабарланып, бул айрым тургундардын нааразылыгын жараткан.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы 14-январда түшүндүрмө таратып, газ эсептегичтердин бир бөлүгүндө телеметриясы иштебей калгандан улам көрсөткүчтү туура жеткирбей калганын кабарлаган. Ошол себептүү көрсөтүлгөн убакыттагы газды иштетүүнүн көлөмү колдо бар маалыматтардын негизинде гана жүргүзүлгөнү, бул эсеп-дүмүрчөктөрдө айрым так эместиктерге алып келгенин билдирген. Компаниянын маалыматында, ошол күнгө карата жабдуулардагы мүчүлүштүктөр жоюлганын, газ эсептегичтер толук кандуу иштеп жатканын жана көрсөткүчтөр толук жетип жатканы айтылган.

Депутат Улукбек Карыбек уулунун сөзүнөн кийин “Газпром Кыргызстан” 22-январда маалымат чыгарып, декабрь айынын аягына карата газ үчүн карызы пайда болгон абоненттерге март айынын аягына чейин төлөмдү кечиктиргендиги үчүн туум эсептелбей турганын билдирди. Компания ошондой эле “маалымат берүү системасы туруктуу иштеп жатканын, эсептөөлөр эсептегичтердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлүп жатканын” кабарлайт.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, "Газпром Кыргызстан" компаниясы деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

2014-жылдагы Кыргызстанды газдаштыруу 22%ды түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 40% чейин өскөнү расмий маалымдалган. “Газпром Кыргызстан” 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ менен камсыздоону 60% чейин жеткирүү далалатын билдирип келет. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus