Трамптын учагы техникалык себептен улам базага кайтууга мажбур болгону кабарланды
АКШ президенти Дональд Трамптын учагы "электр жабдууларындагы майда маселелерден" улам Эндрюс базасына кайтууга мажбур болду. АКШ президенти Швейцарияга, Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн бара жаткан.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт экипаж жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй "этияттык үчүн" базага кайтууну чечкенин билдирди. Учакта бир нече жарык берүүчү прибор иштебей калган. Эми президент Трамп Швейцарияга башка учак менен барат.
Трамп жана анын кабинет мүчөлөрү Давосто европалык лидерлер менен жолугушууну пландоодо. Талкуунун негизги темасы президент Трамп коопсуздук үчүн АКШ өз башкаруусуна алууга тийиштигин айткан Гренландиянын айланасындагы кырдаал болору күтүлүүдө.
Дональд Трамп өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери президенттерди ташыган Boeing-747 учагынын абалына бир нече жолу даттанган. Boeing компаниясы эки жаңы президенттик учак чыгарууга буйрутма алган, бирок ал учактар Дональд Трамптын мамлекет башындагы мөөнөтү аяктаганга чейин даяр болбошу айтылган.
Былтыр жазында Трамптын администрациясы Катар өкмөтүнөн белек катары жаңы Boeing-747-8 учагын алган. Бирок аны президенттик учак кылып модернизациялоо үчүн көп убакыт кетет.