Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БШКнын төрагасы Шайназаров Жолдошованын айыптоолоруна жооп берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров экс-депутат, соңку парламенттик шайлоодо талапкер болгон саясатчы Жылдызкан Жолдошованын айыптоолоруна жооп берди.

Жолдошова 15-январда президентке жана атайын кызматтын төрагасына кайрылуу жолдоп, "Шайназаров мурда баңгизатты сатууга шектелип кармалып, кийин бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен бошоп кеткенин, ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясын жетектөөгө моралдык укугу жок экенин" билдирген. Ал парламенттик шайлоодо №8 округдан аялдардан алдыга чыкканына карабай, анын добуштарын БШК жокко чыгарып, төраганын жакынына мандат берип койгонун кайталады.

19-январда тараткан билдирүүсүндө Тынчтык Шайназаров өзүнө тагылган айыптоолорду төгүндөп, “баңгизат жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбей турганын, тескерисинче, ал ошол кылмыштын бетин ачууда милицияга көмөктөшкөнүн” айтты. БШК төрагасы "Жолдошованы сотко берсе утуп чыгарын, ага пиар болбошу үчүн кайрылбай турганын" тактады.

Былтыр 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган делген видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Баштапкы эсеп боюнча бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова бул чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.

Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тааныган. Жолдошова 9-декабрда Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз жазган, сот анын арызын канааттандырган эмес.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо 30 округдун ар биринен үчтөн мандат каралган. 29 округ боюнча 87 талапкер депутаттык мандат алып, бир округда мыйзам бузууларга байланыштуу кайрадан шайлоо жарыяланган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus