Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Той-топур үчүн насыя алууга тыюу салуу сунушталды

Министрлер кабинети үй-бүлөлүк салтанаттарды уюштуруу, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча токтом долбоорун сунуштады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан документке ылайык, үйлөнүү тою, үй-бүлөлүк ар кандай салтанаттар адамдардын чама-чаркына жараша уюштурулуп, ал үчүн карыз же насыя алууга тыюу салуу сунушталууда. Үйлөнүү тоюна 200 адамдан ашпаган, эгер чоң той болсо 350дөн көп эмес адам чакыруу каралган. Той үчүн бир гана бодо мал союлушу керек.

Үчтөн ашык автоунаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат. “Кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “түштөнтүү” сыяктуу ысырапкерчиликтерди да токтотуу сунушталды.

Ал эми сөөк коюла турган күнү мал союуну токтотуп, маркумду акыркы сапарга узатууга келген кишилердин санына чек койбоо каралган. Жылдык өткөрүү милдеттүү эмес. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо мал союуга уруксат берилет.

Өкмөт бул токтом жарандардын социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен ашыкча чыгымдарды кыскартуу, коомдо моралдык-этикалык баалуулуктарды сактоо, ошондой эле улуттук салттарды заманбап шартка ылайык сарамжалдуу жүргүзүү үчүн иштелип чыкканын билдирди.

Кыргызстанда аш-тойлордогу ысырапкорчулукту тыюу демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. 2022-жылы президент Садыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Бирок той-аштардагы ашыкчы чыгымды токтотуу тууралуу бийлик кабыл алган ар кандай чечимдер толук аткарылбай жатканы айтылып келет.

2025-жылы Кыргызстанда каада-салт, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө, маркумду узатуудагы ысырапкорчулукка байланыштуу айрым депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыгып, мыйзамдын талаптарын бузгандарды “Укук бузуулар жөнүндө кодексте” белгиленген тартипте жоопко тартуу сунушун беришкен. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus