Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёл бир иш боюнча беш жылга кесилди

Сеулдун борбордук аймактык соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлду сот адилеттигине бут тосууга айыптап, беш жылга эркиндигинен ажыратты. Маалыматты жергиликтүү Yonhap агенттиги таратты. Прокурор аны 10 жылга камоону сураган.

Экс-президент 2025-жылы январда өзүн кармоого каршылык кылганы, аскердик абал киргизүү тууралуу жарлык жазганы жана аны парламент чечиминен кийин жок кылганы, ошондой эле аскерлер колдонгон телефондон жазууларды өчүрүүнү буйруганы үчүн айыптуу деп табылды.

Чечим экс-президентти камоо мөөнөтү аякташына эки күн калганда чыгарылды. Анын адвокаттары бул иш боюнча чечим аскердик козголоң тууралуу иш каралгандан кийин гана чыгарылышы керектигин билдиришти, бирок сот аны четке какты.

Юн Сок Ёлго каршы жалпы сегиз кылмыш иши козголгон. Апта башында прокурорлор аны өлүм жазасына тартууну соттон сурашкан.

Аскердик абал киргизүү аракети 2024-жылдын 3-декабрында болгон. Ал алты сааттай гана созулганына карабастан бул окуя Азиядагы төртүнчү ири экономика саналган, АКШнын негизги коопсуздук өнөктөшү болгон жана узак убакыт бою аймактагы эң туруктуу демократиялардын бири деп эсептелген Түштүк Корея үчүн олуттуу саясий чуу жараткан. Анда депутаттар Улуттук ассамблея имаратынын айланасындагы коопсуздук тосмосун бузуп кирип, добуш берүү аркылуу аскердик абалды бир нече сааттын ичинде жокко чыгарышкан.

Андан кийин президент импичмент жарыялангандан соң кызматтан четтетилип, Конституциялык сот аны расмий түрдө кызматтан алган. Былтыр июнь айында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо либералдык көз караштагы Ли Жэ Мён бийликке келген.

65 жаштагы Юн Сок Ёл бардык айыптоолорду четке кагып келет. Консервативдүү көз караштагы, прокуратура органдарындагы бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн саясатчы президент катары аскердик абал жарыялоого ыйгарым укугу болгонун жана бул кадам өкмөт ишине тоскоолдук кылып жаткан оппозицияга коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөнүн билдирген.

Сот чечимди февраль айында кабыл алары күтүлүүдө.

Өлкөдө 1997-жылдан бери өлүм жазасына эч ким тартыла элек, бирок ал мыйзамдан толук алынган эмес.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus