Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт былтыр электр энергиясы 900 млн кВт саатка көп колдонулганын билдирди

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн өсүшү уланууда. 2025-жылы 19,3 млрд кВт саат электр энергиясы сарпталды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 900 млн кВт саатка көп. Кыргызстандын өзүндө 15,4 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлсө, калган 3,9 млрд кВт саат таңсыктык импорттун эсебинен жабылган. Энергетика министрлигинин бул маалыматы 14-январда "Ынтымак ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды. Анда Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы жана электр энергиясын керектөөнүн өсүшү тууралуу сөз болду.
Министрлер кабинети ошол эле учурда отун-көмүр жетиштүү экенин, Бишкек кору бардыгын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында калкты, социалдык объектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, энергияны керектөө лимиттеринин сакталышын катуу көзөмөлдөө, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө карата ыкчам кызматтардын толук даярдыгын камсыздоо тийиштүү органдарга тапшырылды. Бакыт Төрөбаев мында жер-жерлердеги жетекчилердин жоопкерчилиги да талап кылынарын эскертип, мамлекеттик органдарга күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүнү тапшырды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 15-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,102 млрд куб метрди түзөт, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,631 млрд куб метрге аз. Адистер суунун жетишсиздиги электр энергиясын иштеп чыгуунун мындан ары да төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда “Акылдуу эсептегичтерде” 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
6-ноябрда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектей турган болгон. (ZКo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus