Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Милиция жолдо айдоочуну тапанча менен коркуткан кишини кармады

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) башка бир айдоочуга "жолумду тородуң" деген доомат коюп, тапанча такап жаткан айдоочуну - 51 жаштагы С. Ф. аттуу жаранды кармады. Ал милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук милициясы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Окуя учурунда колдонулган тапанча ээсинен алынып, текшерүүгө жиберилди.
Бишкектик активист Максим Золотых соцтармакка айдоочулардын талашы тартылган тасма жарыялаган. Тасманын алдында жазылгандай, 14-январь күнү Бишкектин Осмонкул көчөсүнөн Жибек Жолуна оңго бурулганда айдоочулар жол талаша кетишкен. "Жолумду тородуң" деп доомат койгон айдоочу экинчи унаанын алдын торой токтоп, тапанча менен коркуткан. Унаанын жүргүнчүсү окуяны телефонуна тартып алган, тасмада тапанчасы бар айдоочунун унаасынын мамлекеттик номуру да тартылган.

Буга чейин Ленин райондук милициясы 13-январда Бишкекте адамдарды тапанча менен коркуткан киши кармалганын кабарлаган. Анын алдында Бишкектеги 100-автобустун акыркы аялдамасында тартылган тасма тарап, анда тапанча кармаган адам "Мыйзам чегинде сүйлөшкүң келеби? Бери кел!" деп демитип жатканы тартылган.

Бул факты боюнча 36 жаштагы Н. И. аттуу жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин "Майда бейбаштык" беренесинин негизинде поотокол түзүлүп, өзү милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Кармалган жарандын жанынан пневматикалык тапанча алынган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus