Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түштүк Кореянын экс-президентин өлүм жазасына тартуу суралды

Түштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёлду өлүм жазасына тартууну шейшембиде өткөн сотто атайын прокурор сурады. Ал 2024-жылы декабрда өлкөдө аскердик абал киргизгени үчүн козголоң уюштурууга айыпталууда.

Түштүк Кореянын мыйзамына ылайык, бул оор кылмыш болуп саналат, бирок өлкөдө мындай кылмышка айыпталгандар ондогон жылдардан бери өлүм жазасына тартылбаганын Reuters жазды.

Сеулдун Борбордук райондук сотундагы акыркы жарыш сөздө прокурор тергөөдө Юн мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён менен чогуу иштеп чыккан схема аныкталганын билдирди. Бул схема 2023-жылдын октябрынан ишке киргизилип, Юндун бийлигин күчөтүүгө багытталган.

65 жаштагы Юн Сок Ёл коюлган айыптарды четке какты. Ал президент катары өлкөдө аскердик абал киргизүү укугу болгонун, бул кадамын өкмөттүн ишине оппозициялык партиялардын бут тосуусунан улам жасалганын бекемдөөдө.

Сеулдун соту бул иш боюнча чечимди февралда чыгарары күтүлүп жатат. Юн Сок Ёлго каршы жалпы төрт кылмыш иши козголгон.

Аскердик абал киргизүү аракети 2024-жылдын 3-декабрында болгон. Ал алты саатка созулганына карабастан бул окуя Азиядагы төртүнчү ири экономика саналган, АКШнын негизги коопсуздук өнөктөшү болгон жана узак убакыт бою аймактагы эң туруктуу демократиялардын бири деп эсептелген Түштүк Корея үчүн олуттуу саясий чуу жараткан.

Анда депутаттар Улуттук ассамблея имаратынын айланасындагы коопсуздук тосмосун бузуп кирип, добуш берүү аркылуу аскердик абалды бир нече сааттын ичинде жокко чыгарышкан.

Юн импичмент жарыялангандан соң кызматтан четтетилип, Конституциялык сот аны расмий түрдө кызматтан алган. Былтыр июнь айында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо либералдык көз караштагы Ли Чжэ Мён бийликке келген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus