Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

HRANA: Ирандагы нааразылык акцияларында каза тапкандар 600дөн ашты, анын тогузу балдар

АКШда жайгашкан Human Rights Activists News Agency (HRANA) уюмунун 12-январдагы маалыматына караганда, Иранда нааразылык акциялары башталган эки жумадан бери өлгөндөр 646 кишиге жетти, арасында тогуз бала бар.

Ал эми Iran Human Rights уюму 648 киши өлгөнүн кабарлады. Камакка алынгандар 10 миңден ашып кетти.

12-январда каза тапкандар 500дөн ашканы айтылган. Иш жүзүндө өлгөндөр мындан көп болушу ыктымалдыгын укук коргоочулар белгилеп келишет.

Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар уланып жатканына 13-январда 17 күн болду.

Бийлик акцияга чыккандарга каршы аракеттерин күчөтүп жатканы кабарланууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-январда Иран менен соода алака жүргүзгөн мамлекеттерге 25 пайыздык бажы төлөмү киргизилгенин жарыялады.

Буга чейин Трамп Ирандын башчылары "сүйлөшүүнү көздөп жатканын", бирок АКШ алар менен жолугушууга чейин эле "аракеттене башташы мүмкүндүгүн" жарыялаган.

CNN америкалык эки аткаминерге шилтеме берүү менен Ирандын бийлигине каршы аскердик жана башка ыкмалар менен күрөшүү маселеси тууралуу кеп козголуп жаткан болушу ыктымалдыгын жазды. Себеби, Трамп АКШнын аскердик соккулары Ирандын элин бириктириши мүмкүн деп кооптонот.

Аскердик эмес чаралар катары жаңы санкцияларды киргизүү, аскердик жана өкмөттүк түзүмдөргө карата киберчабуул, Ирандагы нааразы болгон элди Starlink интернети менен камсыздоо талкууланып жатканы айтылган.

13-январда АКШ өз жарандарын Ирандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Буга чейин Швеция да жарандарына ушундай эскертүү берген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus