Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иранда кеминде 116 киши каза болгону жана 2,5 миңдей демонстрант кармалганы маалымдалды

Иранда нааразылык акциялары уланууда. Өлкөдө интернет байланышы улам өчүрүлүп жаткандыктан, расмий маалымат жок болгондуктан күч кызматтарынын демонстранттарга каршы аракетинен жабыркагандардын так саны белгисиз. Бирок, укук коргоочулардын соңку эсебинде, ондогон шаарда эки апта ичинде кеминде 116 адамдын өмүрү кыйылды.

АКШ президенти, соңку күндөрү Иран боюнча бир нече билдирүү жасап, бул мамлекеттеги окуяларга кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскерткен Дональд Трамп 10-январдын кечинде:

"Иран, балким, мурда болуп көрбөгөндөй ЭРКИНДИККЕ умтулуп турат. АКШ жардам берүүгө даяр!!!", - деп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.

Алгачкы нааразылык 28-декабрда Тегерандагы Чоң базарда тутанып, башка да ондогон шаарларга жайылды. Бийлик интернетти адегенде ылдамдыгын азайтып, кийин, 8-январда таптакыр өчүрүп салганы, телефон байланышы да үзгүлтүккө учурап жатканы кабарланууда.

Демонстранттар борбор калаа Тегерандан башка да ири шаарларда көчөгө чыгууда, айрым ооруканаларда жараат алгандардын көптүгүнөн орун жетишпей жатканы маалымдалууда.

Би-Би-Си жазгандай, жараат алгандардын көбүнүн башына, көзүнө ок тийген. Human Rights Activist News Agency (HRANA) агенттигинин укук коргоочуларынын 11-январга карата маалыматына караганда, эки аптадан бери кеминде 116 кишинин өмүрү кыйылды, алардын арасында демонстранттар да, күч кызматкерлери да бар. Мындан тышкары, HRANA билдиргендей, камакка алынгандар саны кеминде 2638 жетти. Интернет байланышы таптакыр жок шартта акциялар 185 шаардын 547 жеринде өттү.

28-январда башталган нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата 80% арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылган.

Азырынча өлкөнүн динчил бийлиги тараптан элдин талабына баш ийүү белгилери жок. Өлкөнүн эң башкы бийлиги болгон жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 9-январда режимдин жактоочуларына кайрылып, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскерткен.

Европа Ирандагы протестчилерди толук колдой турганын 10-январда Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Ал Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына:

"Тегерандын көчөлөрүндө жана дүйнө жүзүндөгү шаарларда ирандык аялдар менен эркектердин эркиндикти талап кылган кадамдары жаңырып жатат. Сүйлөө, чогулуу, саякаттоо жана баарынан мурда эркин жашоо эркиндиги. Европа аларды толугу менен колдойт. Биз бул мыйзамдуу демонстрациялардын күч менен басылышын бир беткей айыптайбыз", - деп жазды. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus