Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбекстанда маданият министринин тойдо ырдап, акча алганы сынга кабылды

Министр Озодбек Назарбековдун үйлөнүү тоюнда ырдап, акча алып жаткан видеосуна Өзбекстандын Маданият министрлиги түшүндүрмө берди.

Kun.uz интернет басылмасынын суроосуна Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Усаров видеодогу окуя 2025-жылдын 25-октябрында министрликтин кызматкерлеринин биринин үйлөнүү тоюнда тартылганын билдирди.

Усаров Өзбекстанда үйлөнүү тойдо ырчыга акча берүү "кылымдардан бери калыптанган улуттук салт" экенин белгилеп, акчаны алуудан баш тартуу урматсыздык же текеберлик катары кабыл алынышы мүмкүн деп кошумчалады.

"Видеодо күйөрмандар министр Озодбек Назарбековго акча берип жатат. Ал мындай кырдаалды алдын ала пландаган эмес. Түзүлгөн шартта акчаны алуудан баш тартуу жарандарды эл алдында ыңгайсыз абалга калтырып, урматсыздык же теңсинбөө катары кабыл алынышы мүмкүн эле. Ушуну эске алуу менен, кырдаалга туура жана этикалык мамиле жасалганын көрүүгө болот. Эскерте кетсек, үйлөнүү тойлорунда аткаруучуларга акча берүү же бербөө учурдагы мыйзамдар менен тыюу салынган эмес жана ал кылымдар бою эл арасында калыптанган улуттук салттардын жана баалуулуктардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Өзбек каада-салттарында мындай аракеттер толук жол берилет", - деп билдирди Усаров.

Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Озодбек Назарбеков маданият министри гана эмес, таанымал өзбек ырчысы, Өзбекстандын, Каракалпакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын эл артисти, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер экенин белгилеген. Анын пикиринде, Назарбековдун кесиптик ишмердүүлүгү түздөн-түз улуттук музыкага байланыштуу болгондуктан, үйлөнүү тоюнда болгон окуя анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдай катары бааланышы керек.

"Жыйынтыктап айтканда, ар бир адам - кайсы кызматты ээлебесин тандап алган кесибинен бөлүнүп каралышы мүмкүн эмес. Бул окуя дал ушул өңүттөн каралышы зарыл", - деген Өзбекстандын Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Сирожиддин Усаров.

Kun.uz басылмасы билдиргендей, бул окуя боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Маданият министрлигине расмий сунуш киргизген.

2024-жылы Озодбек Назарбеков кийим-кече дүкөнүнүн жарнамасына тартылган. Социалдык тармактарда аткаминердин дүкөндү жарнамалоого укугу бар-жогу жана бул үчүн канча акы алган болушу мүмкүн деген суроолор талкууланган. Коомдук резонанс күчөгөн учурда министрдин басма сөз кызматы Назарбеков эч кандай материалдык пайда табууну көздөбөгөнүн билдирген. 2025-жылы болсо Маданият министрлигинин башчысы жеке менчик университетти жарнамалаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылы Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын ыйгарган. Сыйлык маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus