Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ысык-Көлдө өспүрүм кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эки жаран кармалды. Шектүүлөр 19 жашта экенин облустук милициянын басма сөз кызматы 10-январда кабарлады. Маалыматка караганда, 4-январда Каракол шаарынын 50 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган кызы 2-январда түштө үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыз табылып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыз мыйзамдуу өкүлү, апасынын катышуусунда суракка алынган. Анда 7-январда Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында белгисиз үйдө ага карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөндүгүн билдирген.

Факты каттоого алынып, жашы жете элек кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя катталган Ак-Суу милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (Он алты жашка толо электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү катары О.У. жана Б.К. аттуу 19 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Былтыр октябрда Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү коомчулукта катуу реакция жараткан. Кылмышка шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген. Ал буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus