Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Бай-кедей деп тандабайт". Кургак учук качан жеңилет?

Бул суроолорго медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров жооп бермекчи.

- Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту азайтууга белсенип жатыптыр. Бирок, ошого карабай, дарт катталууда. Жакында эле Бишкектеги мектептердин биринде иштеген мугалимден чыкты деген кабар тарады.

- Кургак учук (туберкулез) эч кимди ылгабайт, эч кимди аябайт дагы. Байбы же кедейби, баарына жугат. Айрыкча ачык түрү кооптуу. Адам сүйлөгөндө же чүчкүрүп, жөтөлгөндө чачырап, башкаларга да жугушу мүмкүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2035-жылга чейин кургак учукту жок кылабыз деген амбициясы бар. Бул планга жараша ар бир аймак өз алдынча аракет кылууда. Кургак учукка каршы программалар бизде да иштеп жатат. Чынын айтыш керек, соңку жылдары бизде эпидемиологиялык абал жакшырды. Жалпак тил менен айтсам, ооруну үч эсе азайттык. Эгер 2001-жылы кургак учуктан 27 киши каза тапкан болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 2,8ге түшүп, он эсе азайды.

Кээ бир өлкөлөрдө оорунун көрсөткүчтөрү жүз миң калкка 500-600 учур экен. Мисалы, Индонезияда 350, Индияда 210, Бангладеш 200дин тегерегинде. Ошого жараша эпидемиологиялык кырдаал дагы ар түрдүү.

Ал эми мугалим боюнча айтсам, азыр ал иштеген мектепте бардык чаралар көрүлүп, иштер жүрүп жатат. Башка мугалимдерден, балдардан ооруну тапкан жокпуз.

- Негизи кургак учук кандай шартта жугушу мүмкүн? Ным, күндүн нуру жетпеген жерденби же чаңы сапырылган базарданбы?

- Оорулуу жөтөлүп, чүчкүрүп же бирөө менен сүйлөшкөндө кургак учуктун таякчалары абага бүркүлүп чыгат. Алардын ирилери жерге түшсө, майдалары абада калкып жүрө берет. Эгер ошол жерде жүз киши турса, кургак учук менен анын жетөө же ону эле оорушу мүмкүн. Адатта иммундук системасы начар кишилер ооруйт. Кургак учукту козгогон Кох таякчалары ным жерде жакшы сакталат. Күндүн нуру түз тийген жерде алар бат эле өлүшү ыктымал. Ошондуктан бөлмөлөрдү бат-бат желдетип, ным чүпүрөк менен сүртүп турууну сунуштайбыз.

Кургак учук тууралуу Гиппократ б.з.ч. IV кылымда жазган экен. "Туберкулез" деген терминди биринчи жолу француз дарыгери Рене Лаэннек 1819-жылы колдонгон. 1865-жылы аскер дарыгери Жан-Антуан Вильмен кургак учук инфекциялык жугуштуу оору экенин далилдеген. 1882-жылы немис микробиологу Роберт Кох кургак учуктун козгогучу - Кох таякчасын бөлүп алууга жетишкен. 1890-жылы туберкулин аллергенин ачкан. Кийинчерээк кургак учукту аныктоодо колдонулган туберкулин сынамасынын (Манту реакциясы) негизин түзгөн. 1924-жылы француз микробиологу Альбер Кальмет жана ветеринар Камиль Герен кургак учукту алдын алуу үчүн БЦЖ вакцинасын иштеп чыгышкан (BCG — Bacillus Calmette–Guérin, Кальметт–Герен бактериясы).

- Мурда абакта жаткандар кургак учук менен көп ооруйт дешчү эле. Азыр абал кандай?

- Акыркы он жылда күчтүү дары-дармектер чыгып жатат. Алардын эсебинен дарылоонун таасири да жакшырып, 90-95% жетип жатат. Абактын өзүнүн медициналык жайлары бар. Мындан он жыл мурдагыга караганда кырдаал жакшы. Себеби, Батышта кандай лабораториялык жабдыктар болсо, ошонун баары бизге келген. Дүйнө жүзү боюнча бир стандарттагы диагностика жана дарылоо жүрүп жатат.

- Кургак учукка каршы эмдөө бар да. Бирок аны алган күндө деле оору жугуп калышы мүмкүн тура?

- Туура айтасыңар, БЦЖ деген вакцина бар. Ымыркай төрөлгөндөн кийин экинчи же үчүнчү күнү эч кандай терс көрсөтмөсү жок болсо, эмдөө жүргүзүлөт. Вакцина кургак учуктан 100% сактабайт, бирок оорунун өтүшүп, менингитке, фиброзго ж.б. кесепетке алып келчү түрлөрүнөн сактайт. Былтыр Копенгагендеги конференцияга катыштым. Ошол жерден айтышты, учурда окумуштуулар ондой вакцинанын үстүндө иштеп жатышкан экен. Алар оорудан 70% сактайт дешти. Үч вакцина клиникалык сыноодон өтүп жатыптыр. Кайсы вакцина же дары болбосун, лабораториялык шарттарга жараша адегенде жаныбарларга, андан кийин адамдарга сыналып, таасири, коопсуздугу аныкталат да. 2026-2027-жылдары ошол вакциналарды беребиз деп жатышат.

- Жаныбарлар деп калдыңыз. Кургак учук адамдан адамга эле жугабы же жаныбардан да жугушу мүмкүнбү?

- Кургак учукту пайда кылган микробдор бир канча түргө бөлүнөт. Кургак учуктун адамдык типтеги микобактериясы деп коет. Азыр дүйнө жүзүндө калктын 90% ошол штамм менен оорушат. Калган 10% бодо тибиндеги штамм. Куштардан жуккан түрлөрү да бар. Кыргызстанда учурда адамдык түрү жана азыраак санда бодо малдан жуккан түрү кездешет.

Кургак учук - адамда жана жаныбарларда кездешүүчү жугуштуу оору. Ал Mycobacterium tuberculosis complex тобуна кирген ар түрдүү микобактериялар, башкача айтканда, Кох таякчаларынан пайда болот. Бул козгогучтар төмөн жана жогорку температураларга, ошондой эле жогорку нымдуулукка өтө туруктуулугу менен айырмаланат. Жаныбарлардын туберкулезу дүйнөнүн көптөгөн аймактарында, анын ичинде Борбор Азияда дагы катталган. Адистер оору айрыкча чийки сүттөн жана андан жасалган азыктардан жугарын айтышат.

- Кандай адамдар кургак учукка текшерүүдөн өтүшү керек?

- Кургак учукту жүз кишиден жети же он эле киши жугузуп алышы мүмкүн. ВИЧ статусу же кант диабети барлар, орган алмаштыргандар ж.б. тобокел тобуна кирет. Мындай адамдар жыл сайын текшерүүдөн өтүп турат. Рентгенге түшөт, какырык тапшырат. 2024-жылы коомдук саламаттык жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду. Ага ылайык, кургак учук менен ооругандар жана аларга байланышкандар акысыз текшерүүдөн өтүшү керек. Мамлекеттик кепилдик программасы бар, ошол жерде баары камтылган. Мурда рентгенге 50% төлөшчү. Азыр текшерүүнүн баары бекер.

- Диагностика деп калдыңыз. Былтыр жайында балдардан кургак учукту аныктаган жаңы ыкма тууралуу айттыңыз эле.

- Балдар түкүргөндү билбейт да, какырыгын жутуп алышат. Анда микобактериялар болсо ашказан менен ичегиге кетип калат. Акыркы үч жылдан бери стул-тест деген ыкманы киргизгенбиз. Анда балдардын заңын алып, кургак учукту пайда кылган микробдорду издейбиз. Бул жакшы ыкма, көп учурда таап жатабыз.

- Кургак учук башка органдарды да жабыркатат турбайбы? Негизи оорудан кантип сактаныш керек?

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында 75-80% чейин дем алуу органдары, 25-20% учурда өпкөдөн тыш органдар жабыркайт. Мен билгенден кургак учуктан кишинин бир дагы органы соо калбайт. Сөөктөр, муундар, жыныстык органдар, бездер, керек болсо мээге чейин зыян келтирет.

Мен бөйрөктүн кургак учугу боюнча адисмин. Бөйрөк организмдеги бардык керексиз заттарды тышка чыгарган орган да. Кээде бизге бир бөйрөгү жарабай калгандар келет. Оорусу күчөп, табарсыкка өтүп кеткендери бар. Дени сак кишинин табарсыгында 250-300 миллилитр заара болот, кургак учукта 20-30 млге түшүп кетет. Эки өпкөсү жабыркаса, жүрөккө таасир этет. Айтор, дарт өтүшүп кеткенде кесепети оор болот да.

Азыр эми дүйнөдө глобалдык өзгөрүүлөр жүрүүдө. Медициналык тил менен патоморфоз деп коёбуз, ооруга таасир эткен тышкы факторлор, микробдор өзгөрүп жатат. Дарттын дарыга туруктуу түрлөрү пайда болду. ДССУнун маалыматында азыр 10 млн 600 миң киши кургак учук менен ооруса, анын 400 миңинен дарыга туруктуу формасы катталган.

Советтер Союзунун убагында кургак учуктун байкалбаган түрү 10-15% гана эле. Азыр андай учурлар 50% жетип калды.

Кургак учуктан сактануунун эң жакшы жолу - бул иммундук системаны чыңдоо. Бул өзү айыга турган оору. Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, берген дарыларды үзбөй ичсе, 100% сакайып кеткенге мүмкүнчүлүк бар.

- Азыр сасык тумоонун сезону эмеспи. Быйыл бир айдан ашуун жөтөлгөнүн айткандар бар. Мындайда адам грипп болуп жатам деп ойлошу мүмкүн да?

- Адам ооруду, эки жумадан ашуун жөтөлдү. Дарыгер анын какырыгын лабораторияга жөнөтүп, таза чыкса бронхит же пневмония экени аныкталат. Экинчиден, диагностикалык алгоритмге ылайык, бейтапка жети-сегиз күнгө антибиотик жазышат. Эгер дарыдан кийин дене табы түшүп, жакшы болуп кетсе, анда ага суук тийген. Кургак учукка байланыштуу болсо, анда дары жардам бербейт. Андан тышкары дарылануу бүткөндөн кийин да рентгенге тартып көрүшөт. Ошондо өпкөнүн абалына жараша кургак учук бар же жогу аныкталат.

Мурда бизде кургак учук жукканда эки жумага чейин жөтөл болот, алсырайт, арыктайт, көкүрөк ачышат дешчү. Мындай белгилер башка ооруларда да болушу мүмкүн. Азыр ДССУнун көз карашы өзгөрдү. Жөтөл барбы же жокпу, баары текшерилиши керек. Какырык тапшырса, молекулярдык-гендик деңгээлде бир саат ичинде жыйынтыгы чыгат. Кыргызстанда азыр ошондой 34 жабдык бар. Аларды аймактарга калктын санына, кургак учуктун көрсөткүчүнө жараша бөлүп бергенбиз.

- Бизде, анан калса, ооруп калган адамды кодулоо, жерүү күч да?

- ДССУнун жаңы талабы боюнча, кургак учук деген диагноз коюлгандан кийин 70% амбулатордук шартта дарыланышы керек. Илимий жыйындарда үй шартында дарыласак ооруну кайра көбөйтүп албайбызбы деген суроолор берилген. Бул жаатта эки илимий изилдөө жүргөн экен. Оорунун түрүнө жараша дарылар болот да. Аларды ичкенде кургак учуктун таякчасы эки күндө күчүн жоготуп коет экен. Экинчи изилдөө 80% оору жабык түргө өткөнүн көрсөткөн. Биз ДССУнун сунушун өзүбүздүн борбордо жасап көрсөк, 40-50% болду. Мунун баары ошол бейтапка карата стигма, дискриминацияны азайтуу үчүн жасалган иштер десек болот.

XIX кылымда кургак учук ак сөөктөрдүн жана кыялкеч акындардын дарты катары кабыл алынган. Тарых барактарында кургак учук менен Виссарион Белинский, Франц Кафка, Фредерик Шопен, Жон Китс ооруганы жазылган. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов кургак учуктан көз жумганы белгилүү. Түгөлбай Сыдыкбеков "Жол" мемуарында студент курагында бул ооруну жугузуп алып, узакка дарыланганын жазган.

- Ооруну жеңиш үчүн адистер да жетиштүү болушу керек да. Фтизиатрияга жаштар келеби?

- Мен өткөн жылы өзүмчө анализ кылган элем. Биздеги фтизиатрлардын 60% пенсия курагына келип калды. Өлкө боюнча фтизиатрлар жетишсиз. Жаш адистер бул тармакка келбей жатат. Ооруп калабыз деп корккондор бар. Экинчиден, айлык маселеси. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени азыр карап жатат. Жылдан жылга кургак учук азайып жатат дебедикпи. Бир убак келет, бул ооруну фтизиатрлар эмес, кадимки эле үй-бүлөлүк дарыгерлер карап калат. Европанын кээ бир өлкөлөрүндө азыр фтизиатр деген адистик жок. Биз аймактарда оору чыгып жатканы үчүн гана кармап турабыз. Жакынкы жылдары Улуттук фтизиатрия борборун өпкөнүн башка ооруларын дагы дарылаган Улуттук фтизиопульмонология деп өзгөртүү ниетибиз бар. Бул боюнча атайын концепция да иштеп жатабыз.

- Дүйнөдө кырдаал өзгөрүп жатат, миграция күч дегендей, Кыргызстанга бул ыкма эртелик кылбайбы?

- Өткөн кылымдын 1970-80-жылдары Советтер Союзунда кургак учукту жеңдик деп көптөгөн илимий иштер токтоп калган. 2000-жылдары дартка чалдыккандар кайра көбөйдү. Оорунун дарыга туруктуу түрлөрү пайда болду. ДССУ азыр 2035-жылга чейин ооруну толук жок кылабыз деп жатат. Албетте, буга этияттык менен караш керек. Кээ бир өлкөлөрдө диагностика, дарылоо жеткиликтүү эмес. Бирок алардын жарандары дагы миграцияга кетип жатат дегендей. Ошол себептүү азыр өнүккөн өлкөлөрдө да кургак учук кайра пайда болуп жатат. Азыр бизге ооруп кайрылгандардын 20% ашыгы ички-тышкы мигранттар. Ошол жагдайлардын баарын эске алып, ар бир өлкө өз программасы менен иш жүргүзө берет да.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus