Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Куба АКШнын Венесуэладагы операциясында 32 жараны өлгөнүн билдирди

Кубанын өкмөтү АКШнын Венесуэладагы операциясы маалында 32 жараны өлгөнүн маалымдады.
Гаванада буга байланыштуу эки күндүк аза күтүү жарыяланды.
Билдирүүдө каза тапкандардын баары Кубанын Куралдуу күчтөрү менен чалгын кызматтарында иштегендер экени жазылган. Башка маалымат айтылган эмес.
"Биздин мекендештер коопсуздук жана коргонууда эрдик менен милдетин так аткарышты", –деп жазылган анда.

Рейтер агенттиги белгилегендей, Куба Венесуэланын президенти Николас Мадуронун коопсуздугун камсыздоого катышкан.
АКШнын операциясы маалында кубалык канча жаран Мадурону кайтарып жүргөнү, дагы канчасы башка жактарда каза болгону белгисиз.
4-январда The New York Times гезити өз булактарына таянуу менен операция маалында аскерлер менен жай тургундарды кошкондо кеминде 40 киши каза тапканын кабарлаган.
3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялады.Трамп Николас Мадурону кармоо операциясына байланыштуу 3-январда түшкө маал маалымат берип, операцияга америкалык "көп аскерлер, көп учак катышканын", алардын арасында эч бир жоготуу болбогонун, Кошмо Штаттардын аймагына маңзаттын 97% деңиз жолдору аркылуу, көбүнчө Венесуэладан ташылып барарын, эми айыптуулар сот жообуна тартыларын айтты. Трамп бул өлкөдө бийликти легитимдүү жетекчиликке "коопсуз жана чыныгы өткөрүп берүү" камсыз болгонго чейин аны АКШ башкарарын жарыялаган.Николас Мадурону аялы менен Нью-Йоркко 3-январдын түнү алып келишти. 63 жаштагы Мадуро Бруклиндеги катуу кайтаруудагы абакка жеткирилди. Айрым кабарларда сот дүйшөмбүдө болору кабарланды.Венесуэланын Жогорку сотунун чечими менен вице-президент Делси Родригес президенттин милдетин аткарууда.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus