NYT: АКШнын Каракастагы операциясында кеминде 40 киши каза болду
The New York Times басылмасы венесуэлалык чиновникке анонимдүү шартта шилтеме менен АКШнын Каракастагы операциясында жай тургундар менен күч кызматкерлерин кошкондо кеминде 40 киши өлгөнүн жазды.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп операцияда бир америкалык жоокер каза таап, бир нечеси жараат алганын билдирген.
Операцияга 150 америкалык учак тартылып, жалпы эки саат 20 мүнөткө созулган. Гезиттин булактарынын маалыматына караганда, президент Николас Мадурону АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын Венесуэла өкмөтүндөгү булактарынын жардамы менен кармоого мүмкүн болгон.
3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялады.
Борбор калаа Каракаста бул түнү бир нече жерде жарылуу болгону кабарланган. Мадуро өлкө АКШнын чабуулуна кабылганын билдирип, өзгөчө кырдаал киргизген.
АКШнын өкүлдөрү Венесуэладагы операция ушуну менен аяктаганын билдиришти.
Трамп Николас Мадурону кармоо операциясына байланыштуу 3-январда түшкө маал маалымат берип, операцияга америкалык "көп аскерлер, көп учак катышканын", алардын арасында эч бир жоготуу болбогонун, Кошмо Штаттардын аймагына маңзаттын 97% деңиз жолдору аркылуу, көбүнчө Венесуэладан ташылып барарын, эми айыптуулар сот жообуна тартыларын айтты.
Трамп бул өлкөдө бийликти легитимдүү жетекчиликке "коопсуз жана чыныгы өткөрүп берүү" камсыз болгонго чейин аны АКШ башкарарын жарыялаган.
Николас Мадурону аялы менен Нью-Йоркко 3-январдын түнү алып келишти. 63 жаштагы Мадуро Бруклиндеги катуу кайтаруудагы абакка жеткирилди. Айрым кабарларда сот дүйшөмбүдө болору кабарланды.
Венесуэланын Жогорку сотунун чечими менен вице-президент Делси Родригес президенттин милдетин аткарууда.