Аба ырайы: Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан, кар жаайт
5-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу болот.