Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Швейцарияда чаңгы курортундагы жарылууда каза тапкандар 40ка жетти

Жаңы жыл түнү Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы эл жык толгон барда болгон жарылуудан 40ка жакын адам каза болуп, 100гө жакыны жаракат алды. Бул тууралуу Швейцария бийлиги 1-январда билдирди. Жаракат алгандардын көбүнүн абалы оор.
Өлкөнүн түштүк-батышындагы курортто жайгашкан Le Constellation аттуу барда өрт түнкү саат 1:30да тутанган. Жарылуунун так себеби азырынча белгисиз, бирок бийлик өкүлдөрү бул окуя кырсык катары каралып жатканын, кол салуу ыктымалдыгы четке кагылганын билдирди.
"Азыркы учурда биз муну өрт кырсыгы катары карап жатабыз жана кол салуу болгон деген версияны карабайбыз", — деди прокурор Беатрис Пилоид маалымат жыйынында. Ал толук иликтөө башталганын кошумчалады.
Курман болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар да бар экенин Вале аймагынын коопсуздук боюнча жетекчиси Стефане Ганзу билдирди. Жабыркагандар Сион, Лозанна, Женева жана Цюрих шаарларындагы ооруканаларга жеткирилген.
Буга чейин полиция аймак толугу менен жабылып, курорттун үстүнөн учууга тыюу салынганын билдирген. Куткаруу иштерине 10 тик учак жана 40 тез жардам унаасы тартылган.
Швейцариянын федералдык президенти Ги Пармелен X социалдык тармагы аркылуу курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни өрт фейерверктен улам чыгышы мүмкүн экенин айтты.

"Бул Жаңы жылдык майрам маалында ыргытылган петарда же фейерверк себеп болгон кырсык болушу мүмкүн", — деди ал Италиянын Sky TG24 телеканалына берген маегинде.
Кран Монтана— Швейцариянын Вале кантонунда жайгашкан абройлуу тоо лыжа курорту. Бул курортто жалпы узундугу 130 чакырымды түзгөн лыжа трассалары бар.
Январь айынын аягында бул курортто лыжадан ылдам ылдый түшүү боюнча эл аралык мелдештер өтөрү күтүлүп жаткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus