Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жибек Урустемованын өлтүрүлүшүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында эки милиция кызматкери камалганын билдирди. Анда тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун убагында өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келгендиктен "жогорку деңгээлдеги" коргоо ордери болгонун, буга байланыштуу жаңы жагдайлар аныкталганын маалымдады.

"Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Ж.Н. аттуу аймактык тескөөчүсү өз милдеттерин так аткарбай, бир канча жолу кайрылуу болгонуна карабай арыз жазуучунун жана анын балдарынын коопсуздугун коргоо үчүн жетиштүү чара көргөн эмес. Анан калса, мыкаачылык менен адам өлтүрүү болгондон кийин өзүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн кылмышкердин жашаган жерин текшергени тууралуу актыны мурдагы дата менен жазып, документти жасалмалаган. Тергөө ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын А.К. аттуу инспектору мыйзамды одоно бузуп, кылмышка шектүүгө травматикалык тапанча алып жүрүү жана сактоо мөөнөтүн узартып берип турганын аныктаган. Кылмыш болгон учурда анын мөөнөтү өтүп кеткен жана А.К. аны кайтарып алуу үчүн чара көргөн эмес. 2025-жылдын 29-декабрында бул милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бишкектеги Ленин райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, тергөө аяктаганча абакта калтыруу тууралуу чечим чыкты",-деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери кылдат текшерилип, тиешелүү юридикалык баа берилерин белгиледи.

26-декабрда күйөөсүнүн огунан мерт болгон Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон. Ишти андан ары ички иштер органдары эмес, атайын кызмат иликтери белгилүү болгон. УКМКнын борбордук аппаратында тергөө тобу түзүлгөн.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерткен. Анын алдында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиевдин келиндин өлтүрүлүшү тууралуу билдирүүсү талкуу жараткан. Милиция башчысы кандуу окуяга ичимдик себеп болгонун билдирген. Социалдык тармактарда аны "кылмышкерди актап жатат" деп айыптагандар дагы болгон.
Кандуу окуя 23-декабрда кечинде Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде болгон. Күйөөсү тапанча менен атып салгандан кийин аял алган жараатынан ошол жерден мерт кеткен.

Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, соттук отурумда аял жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум келин ошол күнү 47ге чыкан.

Милицияга келиндин жакындары кайрылган жана кылмышка шектүү ошол батирде кармалган.
Урустемованын жакындары милицияга эрте эле чалышканын, бирок алар тез келбей койгонун "Азаттыкка" айтып беришкен.

Мурдагы милиция кызматкери, кылмышка шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, маркум келин анын экинчи никеси болгон жана ортосунда үч бала бар. Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus