ӨКМ Бишкекте Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусу изделип жатканын билдирди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Чоң Чүй каналына (БЧК) агып кеткен үч адам изделип жатканын билдирди.
Анда издөө иштери 30-декабрда 09:05те башталганын, беш куткаруучу тартылганын, кошумча маалымат берилерин кабарлады.
Мунун алдында социалдык тармактарда Чүй каналына "Тазалык" ишканасынын үч жумушчусу бири-бирин куткарам деп жатып агып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы буга байланыштуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.