Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шайлоо жыйынтыгы: Жылдызкан Жолдошова БШКга каршы сотко кайрылды

Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан аялдардан алдыга чыгып, мандат албай калган Жылдызкан Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон.

Баштапкы эсеп боюнча бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова бул чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.

Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алган. Жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берген.

БШК 8-декабрдагы жыйынында жалпы 29 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Анын ичинде №9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш чыккан. №9 округда гендердик квота боюнча алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган. №26 округда болсо добуш сатып алууга байланыштуу нааразылыктар чыккан.

Калган бир аймакта – №13 округда добушканаларга орнотулган камераларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо дайындала турган болгон.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн мандат каралган. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus