Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Таласта 12 миллион сомду мыйзамсыз иштетүүгө шектелген үч аткаминер кармалды

Талас облусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө спорт жаатында атайылап пайдасыз келишим түзгөндүгү боюнча факты аныкталып, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Мамлекеттик агенттиктин дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Б.З.Б жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады.

Анда айтылгандай, 2026-жылдын жайында Талас облусунда “Мен чемпионмун” спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бул сумманын негизги бөлүгүн – 12 миллион сомду Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери облустук дене тарбия жана спорт департаменти үчүн административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшаган. Ал имаратты баалоо Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин жардамы менен жүргүзүлүп, атайылап 12 миллион 343 миң сомго ашыкча бааланган.

Көз карандысыз баалоодо аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзгөн. Натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына 4 миллион сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилгени такталган.

Кармалган үч аткаминер Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus