Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аба ырайы: суук болуп, үшүк жүрөт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө -1…-6°, Талас өрөөнүндө -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…5°, тоо этектеринде -2…-7° суук болот. Абанын температурасы Ысык-Көлдө -4…+1°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -4…-9°, тоолуу райондордо -5…-10°, бийик тоолордо -15…-20° чейин төмөндөйт.

6-7-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

2025-жылдын 5-ноябрынан 7-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу) кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл ойдуңунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 2...4° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus