Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Исманкулов кармалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ушул тапта Алмазбек Исманкуловго жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Агартуу министрлигинин бир катар кызмат адамдарына байланыштуу кылмыш иши иликтенип жатат.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети медициналык билим берүүнү өнүктүрүү максатында “КМУУнун Медициналык борбору “Интер Госпиталь” жоопкерчилиги чектелген коому түзүлүп, ага Алмазбек Исманкулов директор болуп дайындалган. 1998-жылы “Медисон Ко. ЛТД” кореялык компаниясы менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин ошол кездеги проректору Алмазбек Исманкуловдун ортосунда Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

ИИМ кийинчерээк коррупциялык схема менен “Интер Госпиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылганын билдирди.

1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион доллардан ашык суммага медициналык жабдуулар келген. Тергөөдө ал жабдуулар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, Алмазбек Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилгени аныкталган. Сөз болуп жаткан жабдууларды сатып алууга алынган насыя ушул күнгө чейин төлөнүп бүтө элек. Насыяны төлөө соттун чечиминин негизинде мамлекетке жүктөлүп 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион доллар болгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Алмазбек Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесине айыпталып кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен ал камакка алынды. Ушул тапта бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Алмазбек Исманкулов жана анын адвокаты комментарий бере элек.

2023-жылы 10-февралда Башкы прокуратура Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени айтылган.

Бул факты боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган. Алмазбек Исманкулов качан эркиндикке чыкканы белгисиз.

1999-жылы кореялык “Медисон Ко. ЛТД” компаниясынан насыяга алынган медициналык жабдуулар боюнча 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон. Кийинчерээк кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus