Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди

Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Бул аталган убактарда электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чара экенин "Түндүкэлектро" ишканасы маалымдады.

Мекеменин соцтармактардагы баракчаларында жазылгандай, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилди.

"3 кВт кубаттуулук үйгө жарык берүүчү лампаларга, телевизор, компьютер жана электр чайнигин иштетүүгө толук жетет. Бул — жалпы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоо жана ар бир үйгө жарык үзгүлтүксүз жетиши үчүн көрүлүп жаткан чара", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу ишкана чектөө киргизүүгө укуктуу экенин, бул жобо керектөөчү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөнүн, мындай чара электр энергиясы тартыш кезде колдонуларын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү быйыл өлкөнүн башкы суу чөйчөгү - Токтогул суу сактагычында суу аз жыйналганын негиздеп, күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болорун эскерткен. Калкты электр энергиясын болушунча сарамжал колдонууга чакырган.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus