Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушу талкууланды

Акыйкатчы институтунда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушу тууралуу маселе талкууланды. Жыйында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир катар кылмыш жана процессуалдык кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилгенин, эми Омбудсмен институтунун кызматкерлери жабык мекемелерде аудио жана видео жаздырууга мүмкүнчүлүк алганын айтты.

Талкууга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ), Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Германия, Швейцария, Улуу Британия жана Казакстандын элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамдын күчүнө кириши менен 3-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор ишин токтотот.

Расмий маалыматка ылайык, улуттук борбор түзүлгөндөн бери 17 миңден ашык ирет Кыргызстандагы жабык жайларга барып, кыйноо, катаал мамиле жана начар шарттар боюнча 2000ден ашуун арыз кабыл алган. 700гө жакын сунуш берилип, анын 60% аткарылган.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушуна камтамачылыгын билдирип, бул кыйноолорду болтурбоо жаатында артка ташталган кадам экенин белгилеген.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus