Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ 17 жаштагы Айсулуунун өлүмү боюнча кенен маалымат берди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын иши боюнча кенен маалымат берди.

Министрликтин комментарийине ылайык, 27-сентябрда саат 20:30да Айсулуу Мукашеванын атасы милиция бөлүмүнө кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган кызы “Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул маалымат Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө ошол эле күнү саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тараптан кирип бараткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан Айсулуу Мукашева Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам айдап жүргөнү белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында кармоо планы жарыяланган.

Тергөөдө шектүү (А.К.) ошол эле күнү Айсулуу Мукашеваны машинеси менен Жеңиш айылынын “Азамат” пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барганы аныкталган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында кызга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөнү такталган.

Айсулуу Мукашеванын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылган. Бул факты боюнча Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шектүү кылмышын жашыруу үчүн автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган. Аны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен кармаган.

Буга чейин бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы шектүү ушул тапта Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалдуу. Тергөө амалдары уланып жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап, жакындары элден аны табууга жардам сурап кайрылган. Коомчулукта шектүүгө катуу жаза берүү талабы коюлууда. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus