Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош мэриясы “Келечек” базарындагы 300дөй соодагерге жаңы базардан орун берди

Ош шаарынын мэриясы сыртка көчүрүү каралып жаткан “Келечек” базарындагы соодагерлердин бир бөлүгүнө жаңы курулган базардан орун берилгенин билдирди. Мекеменин маалымат кызматы 3-августта Фейсбуктагы баракчасына учкай маалымат жарыялап, жаңы базарга көчүп барган айрым соодагерлер тартылган видеону жарыялады.

“Б.Осмонов көчөсүндө курулган “Жибек жолу” жаңы базарынан учурда “Келечек” соода борборунун 320дан ашык соодагери орун алып, көчүп келип жатышат. Калгандары кезеги менен тизмеге ылайык такталып берилүүдө. Салык кызматында каттоосу бар 382 ижарачынын тизмеси аныкталган”, – деп айтылат мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында.

"Келечек" базарынын соодагерлери жаңы базарга көчүрүлүшүнө каршылык билдирип, бир нече ирет акция өткөрүшкөн. 30-июлда алар менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолугуп, бул соода жайы 31-июлдан тартып көчүрүлөрүн кайталаган. Мэр аталган базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берилерин билдирген.

Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей, чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болуп келишкен.

2024-жылы Ош шаарындагы сел Ак-Бууранын боюндагы борбордук базарды каптаган соң калаа сыртына жаңы базар курула баштаган. Быйыл ал салынып бүтүп, калаадагы негизги базардын соодагерлери көчүрүлүп барган.

Мэрия шаардагы андан башка базарлар да 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлө баштай турганын билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus