Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БАЭ өзбек жарандары аралашкан кылмыштардан улам визасыз режим шартын кайра карашы мүмкүн

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) бийлиги соңку кезде бул өлкөдө өзбекстандык жарандар катышкан кылмыш иштер көбөйгөнүн эске салды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.
Маалыматка караганда, өзбекстандык дипломаттар Дубай полициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугуп, бейбаштыкка айыпталып кармалган 15 жаран боюнча маалымат алды. Полиция окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.
"Акыркы убакта Өзбекстандын жарандары тарабынан мыйзам бузган учурлар көбөйгөнү эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимге таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди", — деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Коңшу өлкөнүн ТИМи эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирип, бул өлкөдөгү өзбек жарандарын "жердештерине шек келтирген кыймыл аракеттерден оолак" болууга чакырды.
Gazeta.uz басылмасы аз күн мурун Дубайда өзбекстандык эки кылмыштуу топтун өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ болуп, бир адам каза болгонун, дагы бири комага түшкөнүн жазган.


Бир ай мурун Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) раввин Цви Когандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган Өзбекстандын үч жараны өлүм жазасына өкүм кылынганы кабарланган.
Израилдин жана Молдованын жараны Цви Когандын киши колдуу болгону тууралуу маалымат былтыр 21-ноябрда чыккан.
Ал 2020-жылдан бери БАЭде жашачу, иудейлердин жергиликтүү диний "Хабад Любавич" ортодокс кыймылынын өкүлү болгон.
Анын өлүмүнө айыпталып, Өзбекстандын жарандары кармалгандан кийин БАЭге учуп барган өзбек жарандарына өлкөгө кирүү кыйындаганы айтылган. Арасында депортация болгондор болгон. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus