Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лукашенко ант берип, жетинчи мөөнөткө киришти

Александр Лукашенко 25-мартта ант берип, Беларустун башчылыгына жетинчи ирет киришти. Укук коргоо уюмдары анын бийлигин "конституцияга каршы" деп мүнөздөштү.

Лукашенко 26-январда өткөн президенттик шайлоодо 86% ашуун добуш алып жеңүүчү деп жарыяланган. Ал өнөктүк Батыш өлкөлөрү тарабынан жасалма деп сынга алынган.

"Шайлоо адам укуктары терең кризисге кептелген шартта, жарандык коомго, көз карандысыз медиаларга, оппозицияга жана бардык башка көз караштагыларга басым-кысым күчөгөн, тоталдык коркунуч атмосферасында өттү," – деп жазылат 25-мартта 10 беларус укук коргоо уюму биргелешип тараткан кайрылууда.

Лукашенконун ант берүү аземин Минск шаарында өттү.

Ошол эле күнү Беларус демократиялык оппозициясынын жүздөгөн тарапташтары Европанын ар кайсы жеринде, анын ичинде Литвада, Польшада жана Чехияда, өлкөнүн Эркиндик күнүн белгилөө үчүн митингдерге чыгышты.

1918-жылдын 25-март Беларустун көз карандысыздыгы жарыяланган күн катары эсептелет.

Январдагы президенттик шайлоону эл аралык маалымат каражаттарына чагылдырууга тыюу салынган. Андан тышкары Батыш байкоочулары дагы көз салууга катыштырылган эмес. Лукашенконун атаандаштарынын баары бийликти жана анын саясатын колдогон талапкерлер эле.

30 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Лукашенко шайлоо боюнча айтылган бардык сындарды четке какты.

2020-жылы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун жеңишине каршы жапырт нааразылык акциялары уюштурулуп, аларды таркатууда миңдеген адамдар кармалган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus