Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Мехмет Доган атындагы Түрк дүйнөсүнүн адабий сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу Түркиянын Жазуучулар союзу маалымдады.
Быйылкы лауреаттардын ысымдарын 1-январда Түркиянын Жазуучулар союзунун башчысы, профессор Муса Казым Арыджан жарыялады. Ал өз сөзүндө Султан Раевдин чыгармалары түрк элдерин байланыштырган көпүрө экенин белгилеген.
Жыл сайын ыйгарылуучу бул абройлуу сыйлыктын лауреаттарынын арасында Түркиянын белгилүү маданият жана искусство ишмерлери, жазуучулары, кинорежиссерлору, философтору, сүрөтчүлөрү бар. Раев чет өлкөлүк жазуучулардан биринчи лауреат болду.
Сыйлык түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жазуучулардын жалпы баалуулуктарды сактоодогу эмгегин таанып-билүүгө арналган платформа болуп саналат.
Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Султан Раев 1958-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. “Чаң жол” аттуу аңгемелер, “Күн кармаган бала” аталышындагы аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын, “Жанжаза”, “Топон” романдарынын жана бир катар башка да чыгармалардын автору. Калемгердин “Топон” романы буга чейин Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган. "Канышанын көз жашы" аттуу драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында коюлган. Бир катар чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Жазуучу 2022-жылдын март айынан бери эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун жетектеп келет.
Мехмет Доган Түркиянын Жазуучулар союзунун негиздөөчүсү, белгилүү түрк жазуучусу жана журналисти болгон. (MZh)