Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап баратканы кабарланды. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына маалымат жарыяланып, Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганы жана сол буту ооруп жатканын айтканы жазылган.
Адвокаты Айбек Турдуев соңку жолу 31-декабрда Султанбеков менен жолугуп чыкканын билдирди. Жаза аткаруу кызматы анын абалы тууралуу комментарий бере элек.
Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына 7-январда 55 күн болду. Ал суу, “Аралаш” суусундугун жана шире (сок) гана ичип жатат.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин бидирип келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
26 жаштагы Султанбеков - “Социнтерн” эл аралык бирикмесинин эң жаш вице-президенти. Ал 2021-жылы Социал-демократтар партиясынын төрагасы болуп шайланган. (BTo)