Иранда өткөн жылы 901 киши дарга асылды. Алардын 40ка жакынынын өкүмү декабрда ишке ашырылган. Мындай маалыматты шейшембиде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк жарыялады. Ал ушунча сандагы кишинин соттун өкүмү менен өлүмгө дуушар болгону камтама жаратарын айтты.
Ислам жумуриятында адам өлтүрүү, наркозат аткезчилиги, зордуктоо жана сексуалдык ыдык көргөзүү үчүн жогорку жаза каралган.
Иранда башка өлкөлөргө караганда эң көп киши өлүм жазасына тартылат. Бирок Amnesty International жана башка эл аралык укук коргоочу уюмдар Кытай боюнча так маалыматтын жоктугун белгилешет.
Активисттер Иранда дарга асуу көбөйгөнүнө тынчсызданышат. Алар өлкөнүн жогорку руханий көсөмү аятолла Али Хаменинин режимин өлүм жазасын калкты коркутуу инструменти катары колдонуп жатат деп айыпташат. Мындай кырдаал өзгөчө 2022-2023-жылкы элдик толкундоолордн кийин түзүлгөн.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси былтыр маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн айыпталгандар эң көп өлүм жазасына тартылганын билдирди. Ошол эле маалда “диссиденттер жана 2022-жылкы нааразылык акцияларына тиешеси бар деген кишилер өлүмгө дуушар болгону" белгиленет.
Ирандагы адам укуктарына байкоо салган Норвегияда жайгашкан уюм 6-январдагы баяндамасында 2024-жылы кеминде 31 аял дарга асылганын маалымдады.
Волкер Түрк БУУ өлүм жазасына каршы деп, “бул адам баласынын жашоого укугун бузарын, күнөөсүз кишилердин соттун өкүмү менен өмүрүнөн ажырап калуу тобокелдиги жогору экенин” билдирди.
Жогорку комиссар Тегеран бийлигин өлүм жазасын ишке ашырууну токтотууга, мораторий киргизүүгө, бара-бара андан баш тартууга чакырды.