АКШнын президенти Жо Байден 19 кишиге америкалыктардын абройлуу сыйлыктарынын бири – Президенттин эркиндик медалын тапшырды. Ал сыйлык алгандарды "Американы жана дүйнөнү илгери сүрөгөн чыгаан лидерлер" деп атады. Бул тууралуу Ак үй тараткан маалыматта айтылат.
Сыйлыкка татыгандар: мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, ишкерлер жана филантроптор Жорж Сорос, Тим Гилл, Дэвид Рубинштейн, антрополог Жейн Гудолл, футболчу Лионел Месси жана баскетболчу Эрвин Жонсон, музыкант Боно, актёрлор Майл Жей Фокс жана Дензел Вашингтон, журналист, медиаменежер Анна Винтур, илимпоз Сэнфорд Най, жазуучу Жорж Стивенс, модельер Ральф Лорен.
Сыйлыкка татыган 19 кишинин төртөөнүн көзү өтүп кеткен. Алар: 1968-жылы киши колдуу болгон мурдагы баш прокурор Роберт Кеннеди, 1973-жылы дүйнө салган мурдагы турак жай, курулуш министри Жорж Ромни, 1979-жылы көзү өткөн жарандык активист Фанни Лу Хеймер жана Барак Обаманын өкмөтүндөгү коргоо министри, 2022-жылы көз жумган Эштон Картер.