Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастополдо аймактык деңгээлде чукул кырдаал режими жарыяланганын Москва дайындаган «шаар башчы» Михаил Развожаев билдирди.
Ал телеграм-каналына «Звездный берег» пляжы турган жээктин болжол менен 100 чарчы метринде мазут табылганын жазды. Мазуттун тагы «Голубая бухта» пляжында, «Нахимовец» пляжы турган жээкти бойлой 760 метр жерде табылганын белгиледи.
Ошол эле учурда Развожаев «Севастополдун жээктери жапырт булганбаганын, мазуттун тагы ар кайсы жерден байкалганын» жазды.
Буга чейин ал Севастополдогу Балаклава булуңунда биринчи жолу мазуттун тагы байкалганын жазып, Учкуевка, Ласпи жана Омега булуңдарында канаттуулар мазутка малынып калганын билдирген.
9 миң тоннага жакын мазут ташыган "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" кемелери 15-декабрда Керч кысыгында кыйроого учураган. Катуу шамалдан улам кырсыкка кабылган кемелердеги мазут деңизге төгүлгөн.
Кара деңиздин 70 чакырымдай жээги булганган. 26-декабрда орус бийлиги федералдык деңгээлде чукул кырдаал киргизген.
Эл аралык Greenpeace уюмунун изилдөө лабораториясынын башчысы танкерлердеги 8 миң тоннадай мазут сууга куюлса бул Кара деңиздеги чоң техногендик кырсык болуп калышы мүмкүн деп билдирген. Ал азыркыдай шартта деңизге куюлган майды чогултуу мүмкүн эмес экенин айткан. Кооптуу аймакты болжол менен 10 миңдей канаттуу байырлайт.