Коюу туманга байланыштуу “Ош” эл аралык аэропортунда эл аралык жана жергиликтүү каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бир нече авиакаттам – Ош-Красноярск (FV6794), Ош-Санкт-Петербург (U62734), Ош-Москва (YK748) жана Ош-Екатеринбург (U62589) Бишкек шаарына – “Манас” эл аралык аэропортуна жөнөтүлдү.
Мекеме жүргүнчүлөргө күтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп берилгени маалымдады.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар катталып турат. (ErN)