Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, “Кылым банк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болот.
Өкмөт бул чечимди банк секторун жана каржы системасын өнүктүрүү аракети катары түшүндүрдү.
26-декабрда кол коюлган токтомдо жазылгандай, “Кылым банктын” уставдык капиталы 1 миллиард сом болот. Каражат бюджеттен которулат жана 2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү керектиги жазылган.
Президенттин иш башкармалыгына банк жайгаша турган имаратты таап берүү милдети жүктөлгөн.
Кыргызстанда ушул тапта жалпысынан 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын ичинен “Элдик банк” жана “Айыл банк” мамлекеттик болуп эсептелет. (NT)