Президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 31-декабрда билдирди.
Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон. Долбоордо “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен айрым жерлерде паракорчулук күчөгөнүн белгилеген.
Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (TAb)