30-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга колдонулат.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын Орусияда 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.
Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.
Ушундан улам Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген.
ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо, Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
Быйыл Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. (BTo)