2022-жылы Каракалпакстанда болгон окуяларды иликтеген комиссия отчетун чыгарды. Өзбек парламентинин кош жыйынында сунуш кылынган баяндамага караганда, тоз-тополоң маалында 21 киши, арасында эки тартип коргоочу каза тапты, 413 жаран, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 183 өкүлү жараат алган.
Документте нааразылык акцияларын басуу учурунда адам укуктарын бузганы үчүн үч тартип сакчысы кылмыш жообуна тартылганы айтылат.
Отчетко ылайык, күч органдары митингчилерди таркатуу үчүн "эл аралык практикада колдонулган каражаттарды пайдаланган". Атап айтканда кеп суу атмалары, түстүү суюктукту чачыраткан техника, жаш агызчу гранаталар туралуу жүрүүдө.
Комиссия Нукустагы толкундоолордун натыйжасында жеке адамдарга жана мамлекеттик мекемелерге 6,8 млрд сумга (530 миңдей доллар) чыгым келтирилгенин эсептеп чыкты. Андан тышкары 2639 киши административдик камакка алынган, 6135 митингчиге айып пул салынган.
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.
Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму тартип коргоо органдары тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгонун, натыйжада адам өмүрлөрү кыйылганын, көбү жарадар болгонун билдирген. Уюм ашыкча күч колдонуу үчүн бир да аткаминер жоопко тартылбаганына көңүл бурган. HRW ошондой эле Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын белгилеген.