World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 458ди көрсөттү. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс бүгүн өтө кооптуу чектен - 600-760тан ашып кетти.
Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.
Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деген баа берилген.
Кыргызстандын борбору муну менен дүйнөдөгү абасы эң кир делген Гананын Аккра, Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарларын артта калтырды.
23-декабрда Бишкек аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээлеген.
Башкалаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселес курчуйт.
Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөт, видеолор интернетте тынымсыз жарыяланып келет. Сырттагы ыш, түтүн үйлөрдүн, имараттардын ичин каптап, тамак, көкүрөктөрү ачышып, аллергиялык жана башка оорулар козголуп жатканын айткандар арбыды.
Соцтармактардын бир катар колдонуучулары бийликти ыш маселесин чечүүгө чакырууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 12-декабрда Бишкекте ышка каршы күрөш боюнча кабыл алынган план эмнеге жыйынтык бербей жатканы тууралуу Министрлер кабинетинен отчет талап кылган.
“Бишкекте экологияны жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя, грант алдык. Бирок өпкөбүз ышка толду. Бир нерсе кылыш керек да. Бизде план, программа, концепция бар. Бирок анын баары эмне үчүн иштебейт?”, - деп суроо салган ал. (NT)