2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы 20-23 тыйынга чейин кымбаттайт.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты. Ал өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турарын билдирди.
“Электр энергиясынын чыгымы азыркы баа менен өзүн актабайт. Электр жарыгына болгон тариф болжол менен 15-20% кымбаттайт. Эгер бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейин тариф 1,11 сом болсо, ага 20-23 тыйын кошулат. Бул анча көп деле сумма эмес. Эгерде биз тарифти акырындык менен көтөрбөсөк, караңгылыкта калабыз”, - деди ал.
Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.
Энергетика министрлиги күн сууктагандан тарта электр энергиясын пайдалануу күч алганын билдирген. 12-декабрда 3 612 МВт электр энергиясы сарпталып, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Министрлик электр энергиясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушунча көп пайдаланылганын кабарлаган.
Кыргызстан 2024-жылы 17,5 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Өлкөдө анын 14,8 млрд гана өндүрүлөт. Айырмасын импорттун эсебинен жабууга туура келет. Келишимдерге ылайык, быйыл 3,2 млрд кВт саат бул мамлекеттерден алынат:
Түркмөнстандан 1,5 млрд кВт/с;
Казакстандан 1,1 млрд кВт/с;
Өзбекстандан 485 млн кВт/с;
Орусиядан 80 млн кВт/с.