Ош облусунун ички иштер башкармалыгы аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жети суткага камакка алынганын билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 29-ноябрда күйөө баласы сабаганын айткан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.
Жабырлануучунун күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү” беренеси менен айып коюлган. 11-декабрда аны Кара-Суу райондук соту жети суткага камакка алды.
Ага каршы аялын да ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
2-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 24 жаштагы келин кайрылып, жолдошу денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралат.
11-декабрда социалдык тармактарда көзү-башы көгала болгон келиндин видеосу тараган. Ал тасмада күйөөсү аны жана апасын сабаганын айтып жатканын көрүүгө болот. (BTo)