Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупциядан, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кийин мамлекетке кайтарылган имараттар тууралуу коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 11-декабрдагы жайынында айтты.
“Миллиард-миллиард деген сом өндүрүлүп, туура эмес менчиктештирилген имараттар кайтарылып кайра сатылууда. Бул каражат кайсы эсепке түшөт аны таба алган жокмун. Ал акча Жогорку Кеңештин макулдугу менен иштетилиши керек”, - деди ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.
Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине өткөргөн брифингде айтып, жакынкы күндөрү кимден канча каражат өндүрүлгөнү тууралуу кенен маалымат берерин билдирген.
Буга чейин Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)