8-декабрда Бухарестте Румыниянын президенттигине талапкер болгон Кэлин Жоржеску тарапташтары менен нааразылык акциясына чыкты. Алар президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарган Конституциялык сотунун чечимин кайра кароону талап кылышты.
«Азаттыктын» румын кызматы кабарлагандай, Жоржеску менен кошо 100дөн ашык адам Бухаресттин борборундагы жабык турган шайлоо участогунун алдына чогулушту. Алар "Диктатура жок болсун!" жана "Биз добуш бергибиз келет!" деп кыйкырып турушту.
Румынияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 8-декабрда өтүшү керек болчу. Бирок Конституциялык соттун жума күнкү чечими менен шайлоо жокко чыгарылган.
Соттун бул чечимине Жоржескунун шайлоо компаниясы учурунда сырттан келген ири өлчөмдөгү каражатты колдонгону негиз болгон. Ал муну четке кагууда.
Соттун чечимине ылайык, эми президенттик шайлоонун биринчи айлампасы кайрадан өткөрүлөт.
Жекшемби күнү эртең менен Кэлин Жоржеску шайлоо тилкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берген.
«Бүгүн Конституция күнүндө мен гүл көтөрүп келдим. Румын элинин негизги баалуулуктары жокко чыгарылганын өкүнүү менен айткым келет», - деди Жоржеску.
Ишемби күнү кечинде Кэлин Жоржеску социалдык тармактарга билдирүү жарыялап, анда ал өзүнүн тарапкерлерин жекшембиде шайлоо участкаларынын алдына чогулууга чакырган.
Экинчи турга чыккан "Румынияны сактоо союзу" либерал партиясынын талапкери, 2020-жылдан бери Кымпулунг шаарын башкарып келаткан, биринчи турда добуштардын 19,18% алган Елена Ласкони шайлоочуларды добуш берүүгө катышпоого чакырган.
24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску жеңишке жеткен.
4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.
Орусия буга чейин Румыниядагы шайлоого кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке кагып келет. (AiA)