Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын камактагы төрагасы Алтынбек Абдувапов тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилди. Бишкектин Биринчи май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Кыдыров анын милдетин убактылуу аткарат.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Өкмөт башчынын дагы бир тескемеси менен Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычов убактылуу жумуштан бошотулду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын 6-декабрда кабарлаган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси экенин билдирген.
УКМК салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Мунун алдында атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголгон.
УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген. (BTo)