Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматкерине пара сунуштаган адвокат кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, адвокат К.Т. айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге өзгөртүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.
Тергөө кызматкери бул маалыматты жетекчилигине билдирип, анын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Мекеме тергөө жүргүзүү үчүн ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп берген.
3-декабрда милиция кызматкерлери адвокатты кармаган. Маалыматта анын 215 миң сом акча каражатын тергөөчүгө анын иш бөлмөсүндө бергени тастыкталганы жазылган.
Шектүү К.Т. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуянын чоо-жайын аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу максатында тергөө иштери улантылууда.
Буга чейин 29-декабрда Улуттук коопсуздук комитети адвокат Самат Матцаковду кармаган. Атайын кызмат аны “алдамчылыкка” жана “документтердин жасалмасын даярдоого” айыптап жатат. Матцаков өзү муну ал жактоочулук кылган абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырууда.
Анын кармалышына байланыштуу бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана адвокаттар бийликке кайрылуу жолдоп, бул окуяда бир катар мыйзам бузуулар катталганын белгилешкен. УКМК Матцаковдун кармалышы жана буга байланыштуу айтылган сын-дооматтарга жооп бере элек. (TAb)