Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров 10 күн мурун президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыгышканы 29-ноябрда белгилүү болду. Бул тууралуу Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Биз үч ай мурда демилге көтөрүп, 10 күн мурун Азимбек Бекназаров экөөбүз президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолукканбыз. Ошондо президент Камчыбек Ташиевге Кемпир-Абад боюнча бардык документтерди көргөзүү боюнча буйрук берген. Мунун негизинде бүгүн Камчыбек Ташиев менен “кемпирабадчылар” жолугуштук. Бирок муну жалпысынан бийлик менен “кемпирабадчылардын”, мүмкүн оппозиция менен диалог катары кабыл алдым. Президент менен жолукканда да сот системасы, жарандык коом, оппозиция жана журналисттерге болгон мамиле боюнча маселе көтөрүлгөн”, - деди ал.
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолукканы белгилүү болгон.
Бул жолугушуулар тууралуу президенттин администрациясы да, УКМКнын басма сөз кызматы да комментарий бере элек.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.
Быйыл 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.
Прокуратура 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, иш 6-августтан бери шаардык сотто каралып жатат. (BTo)